Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-январы №5
Жаңыжер айылдык кеңештин депутатардын убактылуу комиссиясынын отчетун угуу жана бекитүү үчүн Жаңыжер айылдык кеңешинин убактылуу комиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаныжер айылдык кенештин депутатардын убактылуу комиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын билдирүүсүн угуп, төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
2. Жаңы Жер айыл өкмөт тургундарына тамаркага таратылган жерлердин ачык-айкындыгы жөнүндө убактылуу комиссиянын отчетун угуу Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн башчысы жоктугуна байланыштуу 2013-жылдын 21-февралына жылдырылсын.
3. Айыл өкмөттүн жылдык отчетун угуу 2013-жылдын 14-февральга белгиленип, Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн 2012-жылынын бюджетинин көчүрмөсү айылдык кеңештин депутаттарына 1 апта алдың таанышуу үчүн таратылсын.
4. Убактылуу комиссиянын тамаркага жер бөлүп берүү тартибин иштеп чыккан жоболорунун сессиянын талкуусу менен жактырылган вариантынын алкагында гана тургундарга таратылсын. (жобо тиркелген)
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|
ЖАҢЫ ЖЕР ӨКМӨТҮНҮН ТУРГУНДАРЫНА ТАМАРКА БЕРҮҮ ТАРТИБИНИН
ЖОБОСУ:
· Тамарка берүү маселеси элдик чогулушта(курултайында) гана каралып, тизме бекитилет. Бекитилген тизмени өзгөртүүгө, кошумча – алымча киргизүүгө болбойт.
· Жобонун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы Жер айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлөт.
· Тамарка ачык-айкын түрдө берилет, алуучулардын тизмеси коомдук жайларга илинип, жоопкерчилиги айыл башчысынан суралат.
· Курагына (жашынын улуулугуна) карата берилет.
· Тамарка бериле турган айылдын депутаттарынын жарымынан кем эмеси комиссия катары байкоо жүргүзүүсү зарыл.
Арка – 3 депутат,
Борбордук – 2 депутат,
Жаштык – 2 же 3 депутат,
Достук – 3 депутат
Кимге берилет:
Эскертүү: Тамарка 0,5 сотыхтан кем эмес аянтта турак жай (үй, времянка) жана даараткана (туалет) курулгандан кийин гана сатууга мүмкүн. 5 жыл мөөнөткө чейин сатылбайт.
Кимге берилбейт:
Республикасынын жарандыгы бар тургунга.