Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-январы №6
Жаныжер айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза суунун абалын текшерүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын айыл чарба комиссиясынын төрагасы Жаңыжер айылдык кеңешинин депутаты Токтоназаров Жапардын билдирүүсүн угуп, айылдык кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыжер айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза суунун көйгөйүн текшерүү жана чечүү жөнүндөгү айыл чарба комиссиясынын отчету угулуп, төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
2. Таза суу менен камсыз кылуу үчүн бүткөрүлө турган жумуштар, чыгымдар жөнүндөгү маалымат СООПВ “Келечек - Арка”нын төрагасы Жолдошев Токтогулдан 2013-жылдын 21-февраль күнү суралсын.
3. СООПВ “Келечек - Арка” тарабынан 2013-жылга бюджетин бекитүү үчүн долбоору жөнүндө депутаттарга маалымат берилсин.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|