Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы №11
Жаңыжер айыл өкмөтүнүн 2013-жыл үчүн Муниципалдык менчиктеги жерлерди жеке менчикке сатуу жана убактылуу пайдаланууга ижарага берүүдө комиссия мүчөлөрүн 2013-жылга бекитип берүү. ГФС жерлерин ижарага берүүдө комиссия мүчөлөрүн бекитүү. Ар бир айылдар боюнча тамарка берүүдө комиссия мүчөлөрүн бекитүү. ГСМ маселесин жетектөөчү адиске айыл-чарба иштерин уюштурууда бензин бөлүп берүү. Арендага алып, кайра кайтарып берген жер ижаралардын маселесин кароо. Борбордук айылындагы 25га өрүк (ГФС) жеринен бузуп кайра өрүк көчөт жаңылоо. Жайыт жеринен узак убакытка ижарага берүү. Жүзүм плантация кылууга. Муниципалдык базар куруу үчүн 5га жер бөлүп берүү боюнча Жаңы жер айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаныжер айыл өкмөтүнүн башчысы А.Усенов тарабынан 2013-жылга Муниципалдык менчиктеги жерлерди жеке менчикке сатуу жана убактылуу пайдаланууга ижарага берүүдө комиссия мүчөлөрүн 2013-жылга бекитип берүү. ГФС жерлерин ижарага берүүдө комиссия мүчөлөрүн бекитүү. Ар бир айылдар боюнча тамарка берүүдө комиссия мүчөлөрүн бекитүү. ГСМ маселесин жетектөөчү адиске айыл-чарба иштерин уюштурууда бензин бөлүп берүү. Арендага алып, кайра кайтарып берген жер ижаралардын маселесин кароо. Борбордук айылындагы 25га өрүк (ГФС) жеринен бузуп кайра өрүк көчөт жаңылоо. Жайыт жеринен узак убакытка жүзүм плантация кылууга ижарага берүү. Муниципалдык базар куруу үчүн 5га жер бөлүп берүү боюнча билдирүүсүн угуп, төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги жерлерди жеке менчикке сатуу жана убактылуу пайдаланууга ижарага берүү
3. ГФС жерлерин ижарага берүү
4. Ар бир айылдар боюнча тамарка берүү боюнча бир комиссия түзүлүп, курамы төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
· Арка айылынын депутаттары Абдуллаев Акжол, Абдухамидов Дооран
· Достук айылынын депутаттары Токтоназаров Жапар, Галжигитов Кайым
· Борбордук айылынын депутаттары Насреддинов Кобил, Турсунбаев Бахтиер
· Жаштык айылынын депутаттары Жалилов Салимбек, Эрназаров Асрал
· Госрегистр өкүлү
· Архитектура өкүлү
· Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
· Жер адиси
· Айыл башчысы
Комиссия курамынын төрагасын өз ичинде шайлансын.
5. ГСМ маселесин жетектөөчү адиске айыл-чарба иштерин уюштурууда бензин бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн милдетине киргизилгендигине байланыштуу сессияда коюлган маселеден алынсын.
6. Арендага алып, кайра кайтарып берген жер ижаралардын маселесин кароо жана Борбордук айылындагы 25га өрүк (ГФС) жеринен бузуп кайра өрүк көчөт жаңылоо жыл мезгили жана сезондон кечиккендигине байланыштуу күз мезгилине жылдырылсын.
7. Жайыт жеринен узак убакытка ижарага берүү. Жүзүм плантация кылууга. Муниципалдык базар куруу үчүн 5га жер ажыратуу маселесин жайыт комитетинин жетекчиси Мурзабеков Пахридиндин каршылыгына байланыштуу сунушталган жерлердин статусун аныктап кайрадан мыйзамга каршы келбестиги такталып сунушталсын.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|