Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы №13
Жаңыжер айылдык кеңешинин алкагында түзүлгөн айыл өкмөттүн тургундарына тамаркалар ачык – айкын таратылышын текшерүү үчүн түзүлгөн убактылуу комиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын отчетун угуп Жаңы жер айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаныжер айылдык кеңешинин убактылуу комиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын тамаркалар ачык-айкын таратылышы боюнча билдирүүсүн угуп, төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн тургундарына тамаркалар ачык-айкын таратылышы жөнүндө Жаңы Жер айылдык кеңешинин депутаты, аталган убактылуукомиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын алып барган иши жөнүндө отчету канааттандыраарлык деп кабыл алынсын.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|