Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы №15
a. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Осмоновго жазгы талаа иштерин камсыздоого ар бир жумуш күнүнө 5 литрден бензин ажыратып берүү сунушу
b. ФПСтин жерлерин алып, кайра кайтарып берүү жөнүндө арыз берген тургундарын кайра аукционго коюу сунушу
c. Борбордук айылына айыл башчысы штаты бекитүү сунушу
d. Айыл чарбага жарактуу жерлерди коргоо үчүн 4 пожарник жумушка алууну, алардын айлыгынын өлчөмүн чечип берүү сунушу
e. СЭЗдин 16 имаратын Жаңы Жер айыл өкмөтүнө караштуу болгондугуна байланыштуу, ал имараттардын сатылсын же ижарага берилип андан кийин сатылсын деген сунуштарын Жаңы Жер айылдык кеңешинин депутаттары талкууга алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Осмоновго жазгы талаа иштерин камсыздоого ар бир жумуш күнүнө 5 литрден бензин ажыратып берилсин. Аткаруу жагы Жаңы Жер айыл өкмөтүнөн суралсын.
2. ФПСтин жерлерин алып, кайра кайтарып берүү жөнүндө арыз берген тургундарын кайра аукционго коюулсун. Аукцион аркылуу кайра соодага койулуу жагы Жаңы Жер айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Борбордук айылына айыл башчысы штаты мыйзам чегинде бекитилсин. Аткаруу жагы Жаңы Жер айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Айыл чарбага жарактуу жерлерди коргоо үчүн, кыш мезгилинде дарактарды мыйзамсыз кыйууну кайтаруу үчүн Арка, Борбордук, Достук жана Жаштык айылдарына 4(төрт) пожарник штат бекитилип, контракт негизинде келишим түзүлүп айлыгы 4000 (төрт миң) сом бекитилсин. Аткаруу жагы Жаңы Жер айыл өкмөтүнөн суралсын.
5. СЭЗдин аймагындагы Жаңы Жер айыл өкмөтүнө караштуу болгон 16 (он алты) имарат ижарага гана берилсин. Аткаруу жагы Жаңы Жер айыл өкмөтүнөн суралсын.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|