Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-марты №17
Жаңыжер айылдык өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин аткарылышы, 2013-жылга Кыргыз Республикасынын финанс министрлиги тарабынан берилген контролдук цифра жана 2014-жылга бюджеттин киреше жана чыгашаларынын долбоору боюнча Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мурадиловдун билдирүүсүн угуп жана Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетин “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укутардын негизги принциптери жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын 2013-жылга Республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде түзүлгөндүгүн жана депутаттардын Жаңы Жер айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыккандыгын эске алып, депутаттардын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн 2012-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 48890,8 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. 2013-жылга Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн бюджети чыныгы маанилүү керектөөлүүсү 59645,5 миң сом Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабындан берилген контролдук суммасы 59149,1 миң сом жеткирилген, жетишпестик 496,4 миң сом. Андан сырткары атайын каражаттардын кирешелери жана чыгашалары 874,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2013-жылга Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Жергиликтүү кеңештердин бюджетине салык органдары аркылуу өндүрүлүүчү подоход салыгы, патенттөөнүн негизинде жана милдеттүү патенттөөдөн алынуучу кирешелердин, чакан ишканалардын субъектилери үчүн бирдиктүү салыктын жана жерди арендага берүүдөн түшүүчү каражаттар жана юстиция органдары аркылуу өндүрүлүүчү мамлекеттик пошлиналар өлчөмүндө Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерилери бекитилсин. Эсептеп өткөрүүлөрдүн нормативдери 2013 жылга кат боюнча №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
5. Жаңы Жер айылдык өкмөтүнүн бюджетине Республиканын бюджетинен берилүүчү категориалдык гранттардын өлчөмдөрү 2013-жылга №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. Категориялык гранттар биринчи кезекте билим берүү чөйрөсүндөгү чыгымдардын артыкчылыктуу багыттардын каржылоого, ошонун өзү менен бул сектор боюнча чыгымдардын минималдык деңгээлин толуктоого жумшала тургандыгы белгиленсин.
6. 2013-жылга Жаңы Жер айылдык өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгашалары №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Райондук казына бөлүмү аркылуу Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн Кеңештердин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар, Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.
8. Жаңы Жер айылдык өкмөтүнүн администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
9. 2013-жылга Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүмүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинде биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө, социалдык чегерүү, дары – дармек жана тамак-аш сатып алууга).
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар, социалдык коргоо жактан жеңилдиктер, комуналдык турак жай чарбалары, коргонуун керектелүүчү каражаттар Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
11. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык, Борбордук айылдарында 4 талааларды кайтаруучу кароолчу(пожарник) 12 айга контракт негизинде 4000(төрт миң) сом айлык акы менен камсыз болуп, Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы Мамытов Жоробай 2000(эки миң) сом айлык акы менен камсыздалынсын. Керектелүүчү каражаттар ар түрдүү чыгымдар статьясынын каржылансын.
12. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн бюджетинин өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
13. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети боюнча 2013-жылдын 1-январына карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 30,0 миң сом суммасында бекитилсин.
14. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн 2013-жылга 496,4 миң сом жетишпестиктерин кошумча каржынан берүү жолу Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
15. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча долбоору 60935,1 миң сом өлчөмүндө аныкталсын жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине сунушталсын.
16. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн 2013-жылга каралган бюджети 2013-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
17. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|