Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 03-апрели №22
Жаңыжер айылдык кеңешинин алкагында түзүлгөн бюджеттик комиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын жана Жалилов Бекжандын отчетунун негизинде Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн менчигиндеги Арка айылындагы эски мектеп имараты ошондой эле айыл өкмөт имараты боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап добушка койгондо 17-депутат колдоп, Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаныжер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы эски мектеп имаратын ижара катары пайдаланып жүргөн Тажик Республикасынын РосНоу аттуу университеттин 2013-жылдын май айынан баштап төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн:
1. 1 айлык ижара акысы 60000(алтымыш) миң сомду түзсүн
2. Университет тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар биринчи ирет Жаңыжер айыл өкмөтүнүн алкагында көрсөтүлсүн
3. Алдын ала келишим даярдалып тараптар(Жаңыжер айыл өкмөтү жана РосНоу) менен талкууга алынсын
4. Ижара акысы көтөрүлүшүн келишимдин негизинде алдын ала РосНоу университет тарабы маалымдалсын
5. Аткарылыш жагы Жаңыжер айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жумабаев С-га жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|