Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 03-апрели №23
Жаңыжер айыл өкмөтүнүн алкагында түзүлгөн жайыт комитетинин ишмердүүлүгүн жалпы жыйындын чечими менен убактынча токтотулгандыгын эске алып, аны жандандыруу маселесин айылдык кеңештин депутаттарына талкууга коюп, Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыжер айыл өкмөтүнүн жайытка муктаждыгын эске алынып жайыт комитетинин ишмердүүлүгү жандандырылсын.
2. Жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Мурзабеков Пахридин Орусияга кеткендигине байланыштуу жайыт комитетинин курамы кайрадан түзүлсүн.
3. Жайыт комитетинин курамына Жаңыжер айылдык кеңешинин депутаттарынан төмөнкү сунуш болгон депутаттар бекитилсин.
1. Бабаев Тайлыбай (Арка)
2. Насреддинов Миркобил (Борбордук)
3. Токтоназаров Жапар (Достук)
4. Галжигитов Кайым (Достук)
5. Жалилов Салим (Жаштык)
4. Жаңыжер айыл округунун тургандарынан малдарына төлөмдү Маргун айыл өкмөтү тарабынан кымбат суралгандыгы жөнүндө маселени чечүү жагы Жаңыжер айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жумабаев С. милдеттендирилсин.
5. Курамдын мүчөлөрүн айылдарда жалпы жыйындын сунушу менен толуктап, жаңы төрага шайлап иши жандандыруунун аткарылыш жагы Жаңыжер айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жумабаев С-га жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|