Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 03-апрели №24
Жаныжер айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын 2013-жылдын 1-январь айынан баштап Жаңыжер айыл өкмөтүнүн имаратынын ижара акысы сатылганына байланыштуу 35000 (отуз беш) миң сомду түзгөнүн билдирүүсүн депутаттар менен талкуу жүргүзүп, талкууга 17 депутат катышып, Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыжер айыл өкмөтүнүн имаратынын ижара акысын төлөө жеңилдик болуусу Арка айылынын эски мектепте жайгашкан РосНоу университетинин ижара акысын көтөрүү менен компенсациялансын.
2. Аталган университетке Жаңыжер айылдык кеңешинин депутаттарынын атынан төрага Эгембердиев С. билдирүү кат жолдосун.
3. Жаңыжер айыл өкмөтүнүн имаратына тиешелүү жерден сатылбаган 35 сотых аянтка жаңы имарат салуу пландаштырылсын.
4. Аткарылыш жагы Жаңыжер айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жумабаев С-га, жана айыл өкмөттүн жер адиси Осмонов Авазга тапшырылсын.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|