Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXX заседаниеси
2016-жылдын 17-майы № 30/4
Айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Турмуш айылынын тургуну Аднаев Мажинин ысмын өзү жашаган көчөгө берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Турмуш айылынын жалпы элдик жыйынынын 2016-жылдын « 14»майындагы протоколун угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Жошолу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Жаңы-Турмуш айылындагы Аднаев Мажи жашаган көчөгө Аднаев Мажинин аты ыйгарылсын.
2. Көчөгө «Аднаев Мажи атындагы көчө» наамын берүү жөнүндөгү айылдык кенештин чечими тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге билдирилсин жана каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
3. «Аднаев Мажи атындагы көчөнүн» техникалык жана башка абалы боюнча кам көрүп туруу, көчөнүн аты, номери жазылган табличкаларды даярдап, илүү жагын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Иманахунов |