Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXX заседаниеси
2016-жылдын 17-майы № 30/5
Айыл аймагында бал аары кармоочулардын бирикмеси түзүлгөндүгүнө байланыштуу алардын талабына ылайык питомник уюштуруу боюнча бал аарычылардын Уставын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагында бал аары кармоочулардын бирикмеси түзүлгөндүгүнө байланыштуу алардын талабына ылайык питомник уюштуруу боюнча Уставын бекитүү жөнүндө бал аарычылык бирикмесинин башчысы К.Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында кошумча киреше табуу максатында түзүлгөн бал аары кармоочулардын уставы бекитилсин .
2. Айыл аймагына тиешелүү бардык айылдарына элдин талабына жана бал аары кармоочулардын уставына ылайык башка жактын бал аары кармоочуларынын келүүсүнө тыюу салынсын.
3. Питомникти уюштуруп, Кыргыз Республикасынын бал аары кармоочуларынын мыйзамына ылайык иш алып баруу жагы жергиликтүү бал аарычылык бирикмесинин башчысы Абдуллаев Кубанычбек Амирбековичке жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Иманахунов |