Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну №65
Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин депутаттары V чакырылышынын кезектеги 2014-жылдын 23-июнундагы Кезексиз сессиясында кошумча түшкөн киреше жөнүндө маалыматты угуп,аны талкууга алып Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын Кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында ижара төлөмүнүн айыл чарбага арналбаган жер салыгынан ашыкча түшкөн кошумча киреше 78,8 (жетимиш сегиз миң сегиз жүз) мин сом жана балдар бакчаларынын ата-энелеринен (род.взнос) ашыкча түшкөн 314,0 (үч жүз он төрт миң) миң сом акча каражаттары Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн Кирешелер бөлүгүнүн биринчи жарым жылдык планына киргизилсин.
2. 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында ижара төлөмүнүн айыл чарбага арналбаган жер салыгынан ашыкча түшкөн кошумча киреше 78,8 (жетимиш сегиз миң сегиз жүз) мин сом кызматкерлердин сунушу менен Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн Чыгашалар бөлүгүнүн I Бөлүмүнүн 22111100 статьясына Мамлекет ичиндеги сапар чыгымдарына бекитилип, жумшалсын.
3. Балдар бакчаларынын ата-энелеринен (род.взнос) ашыкча түшкөн 314,0 (үч жүз он төрт миң) миң сом акча каражаты кызматкерлердин сунушу менен Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн Атайын эсеп (Спец.счет) бөлүмүнүн 22181100 статьясына Ысык тамак-аш чыгымдарына бекитилип,жумшалсын.
4. Ушул токтомду аткаруу жагы Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | К. Баянов |
|
|