Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу №72
Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин 22.08.2014-жылкы № 08-1-2/9602 катынын негизинде жана 2014-жылдын кыш айларында электр энергиясына чектөөлөр күтүлгөндүгүн эске алып Жаны-Жер айыл Өкмөтүнүн 5 мектеп жана 4 балдар бакчаларын көмүр жана кышкы мештер менен камсыз кылуу максатында, Акыркы айлардагы чек ара кырдаалдарына байланыштуу айыл Өкмөтүнө кызматтык автоунаа алууга жана мурдагы ВАЗ 2107 автоунаасын ремонт кылуу максатында, Достук айылынын «Ак-Кептер» балдар бакчасына жаңы 3(үч) группа ачууга керектелүүчү үй-тиричилик техникаларына жана эмерек,шаймандарды алууга жана Жаны-Жер Өкмөтүнүн көчөлөрүн жарыктандырууга кошумча акча каражатын кароо максатында 2014-жылда бекилген бюджеттин төмөнкү статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV Сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жер айыл Өкмөтүнүн 5 мектеп жана 4 балдар бакчаларын көмүр жана кышкы мештер менен камсыз кылууга акча каражаты № 1 Тиркемеге жана № 2 Тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жаны-Жер айыл Өкмөтүнө кызматтык автоунаа алууга жана мурдагы ВАЗ 2107 автоунаасын ремонт кылууга акча каражаты № 1 Тиркемеге жана № 2 Тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Достук айылынын «Ак-Кептер» балдар бакчасына жаңы 3(үч) группа ачууга керектелүүчү үй-тиричилик техникаларына жана эмерек,шаймандарды алууга жана Жаны-Жер Өкмөтүнүн көчөлөрүн жарыктандырууга кошумча акча каражаты № 1 Тиркемеге жана № 2 Тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ушул Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү документтерди түзүу жагы айыл Өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Б.Жалиловго жүктөлсүн.
5. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К. Баянов |
|
|