Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты №90
Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2014-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлиги тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы Б.жалиловдун,айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга бюджети Кыргыз Республикасынын «Республиканын 2015-жылга жана 2014-2016-жылдарга долбоору жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү»,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономика негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилеп жогорудагылардын негизинде Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2014-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичинде өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичиндеги бюджет 62551,5 миң сом эсебинде киреше жана чыгашалары №1,2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлиги тарабынан берилген контролдук цифра 15898,0 миң сом жеткирилет.Анын ичинен жергиликтүү бюджет 14798,0 миңсом,атайын каражаттар 1100,0 миң сом.Жаны-Жер айыл Өкмөтүнун бюджетинин керектулүүсү 14798,0 миң сом,анын ичинен атайын каражаттар 1100,0 миң сом өлчөмүндө №3,4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. 2015-жылга Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин бюджетине салык органдары аркылуу өндүрүлүүчү подоход салыгы,патенттөөнүн негизинде жана милдеттүү патенттөөдөн алынуучу кирешелердин,чакан ишканалардын субьектилери үчүн бирдиктүү салыктын жана жерди арендага берүүдөн түшүүчү кражаттар жана юстиция органдары аркылуу өндүрүлүүчү мамлекеттик пошлиналар өлчөмүндө Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн бюджетине чегерүүлөрдүн нормативдери 2015-жылга №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2014-жылга Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Райондук казына бөлүму аркылуу Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн Кеңештердин аймагынан чогулган салыктар,жыйымдар,Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.
7. Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
8. 2015-жылга Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүмүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин,анын ичинде биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө,социалдык чегерүү,дары-дармек жана тамак аш стап алуу) жүргүзүлүүсү бекитилсин.
9. 1-январь 2015-жылга бюджеттик каражаттардан калган 125 069,57 (бирж уз жыйырма беш мин алтымыш тогуз) сом 57 тыйын акча каражаттарынын сметасы №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. 1-январь 2015-жылга атайын эсептик каражаттардан калган 178553 (бирж уз жетимиш сегиз мин беш жуз элуу уч) сом акча каражаттарынын сметасы №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар,китепканалар,социалдык коргоо жактан жеңилдиктер,комуналдык турак жай чарбалары,коргоонун керектелүүчү каражаттар Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
12. Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн бюджети айылдык Кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
13. Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджети 2015-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
14. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттырдын Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин Бюджет-Экономика финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К. Баянов |
|
|