Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXXI кезексиз заседаниеси
2016-жылдын 10-июну № 31/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга жергиликтүү киреше жана чыгаша бөлүктөрүн болжолдуу бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2017-2018-2019-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 14-беренесине ылайык Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXХI кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 8078,3 миң сомго, чыгаша бөлүгү 8078,3 миң сомго болжолдуу бекитилсин.
2. 2018-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 8093,3 миң сомго, чыгаша бөлүгү 8093,3 миң сомго болжолдуу бекитилсин.
3. 2019-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 8466,3 миң сомго, чыгаша бөлүгү 8466,3 миң сомго болжолдуу бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү беренелер боюнча мыйзам чегинде болжолдуу коюу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милмдеттендиилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыылдык кеңештин пландоо жана бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Иманахунов |