Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-сентябры №16
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын 31.05.2018-жылдагы № 3 токтомунун 1 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
“Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын мүчөсү Болгонбеков Болот Турдуевичтин ордуна “Энергетиктер” саясий партиясынын депутаты Оргараева Нурзада Райымкуловна ушул туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп шайлансын.
2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
4. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | М.Н. Жусупахунов |
|
|