Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-майы №17/6
Семиз-Бел айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын “Турак жай жана курулуш жөнүндөгү” мыйзамынын 5-статьясына жана “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 47-статьясына ылайык 12-декабрь 2016-жылдагы №179 буйругунда көрсөтүлгөн Арсы айылына кичи футболдук аянтча курула турган жер аянтынын алдында жабык дренаж бар болгондуктан буйрука өзгөртүү киргизүү жөнүндө жер адис С.Сыдыгалиевдин маалыматтын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кенеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Арсы айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн чыгарылган 12-декабрь 2016-жылдагы №179 буйругуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Мурдагы буйрукта көрсөтүлгөн Арсы айылынын Жаштык көчөсүнүн Курманалиев Чалайбектин жер участогунун күн чыгыш тарабынан бөлүнүп берилген жер аянтынын ордуна ФАПтын түндүк чыгыш тарабынан кичи футболдук аянтча курууга 1125м2 жер аянтын бөлүп берүү жагы сунушталсын .
3. Берилген жер аянтын чектеп бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Акишов Бурканбек Карыбековичке жүктөлсүн.
Тѳрага | Р. Базаркулов |
|
|