Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-августу №18/2
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ардактуу ишкери,1995-жылдан «СалЭм» дыйкан чарбасын уюштуруп көп ийгиликтерге жетишип райондук,областык,республикалык сыйлыктары жана ардак грамоталар менен сыйланган, бир нече жолу райондук Кеӊештин депутаты болуп шайланган, элге эмгеги сиӊген 1955-жылы туулган Бостонов Маматкул Молдокановичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Семиз-Бел айылынын тургундарынын 12-июль 2018-жылдагы ѳткѳрүлгѳн элдин чогулушунун протоколун, бала бакчанын эмгек жамаатынын чогулушунун токтомун жана Семиз-Бел айыл башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылында бала бакча түзүлсүн жана бала бакча «Маматкул-Баба атындагы бала бакчасы» мекемеси деп аталсын.
2. Бала бакчанын атын жазып, катар номерин коюу иштерин жана бала бакчанын тиешелүү документтерин мыйзамга ылайык бүткөрүү бала бакчанын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Бала бакчанын тегерегин ирээтке келтирүү, кѳрктѳндүрүү- жашылдандыруу иштерин уюштуруу керектүү жабдыктар жана инвентарлар менен толуктап жаӊылап берүү жагы М.Бостоновдун балдарына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы туруктуу комиссияга, Семиз-Бел айылынын айыл башчысы Намазбек уулу Бектурсунга тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Базаркулов |
|
|