Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №19/1
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Семиз-Бел айыл аймагындагы мектептердин кышка карата даярдыктарынын бүткөрүлүшү жөнүндө мектеп директорлорунун жана маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы билим берүүчү мектептерде 2018-2019-жылдарга карата кышка даярдыктарынын бүткөрүлүшү боюнча мектеп директорлорунун маалыматтары эске алынсын.
2. Айыл аймагындагы мектептерде көмүрдүн туура түшүүсүн көзөмөлдөө,электр энергиясын үнөмдөп сарптоого карата иштерди жүргүзүү, печкаларды от жагууга даярдоо жана терезелерди жылуулап уюштуруу иштерин жүргүзүү мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Социалдык объектилерге көмүр түшүрүүнү өз убагында камсыз кылуу жана электр энергиясынын лимитин тактап, лимиттен ашык пайдаланылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Базаркулов |
|
|