СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2018-жылдын 10-октябры №19/2
Семиз-Бел айыл аймагындагы китепкана башчыларынын аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Семиз-Бел айыл аймагындагы китепкана башчыларынын иш пландарынын аткарылышы «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата уюштуруу иштеринин жүрүшү жөнүндө айылдык китепкана башчыларынын жана маданият билим берүү,саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы китепкана башчыларынын иш пландарынын аткарылышы жана «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата уюштуруу иштеринин жүрүшү «Канаттандыраарлык» деп аталсын.
2. Китепкана башчыларынын иштеринин уюштурулушунда, жогорку органдардан келген каттар, айыл өкмөтүнөн барган кат, буйруктарга өз убагында маалымат берүү менен аткаруучулук тартипти оӊдоо, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана мектеп окуучулар менен тыгыз байланышта иш алып баруу, айылдык китепканаларга жыл аягына чейин спонсорлор аркылуу бирден проекти тартып, өткөрүү жагы китепкана башчыларына милдеттендирилсин.
3. Айылдарда ар кандай даталуу күндөрдө тегерек стол, семинарларды окурмандар жана окуучулар менен биргеликте уюштуруп өткөрүп турушсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Базаркулов |
|
|