Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXXII кезексиз заседаниеси
2016-жылдын 29-июлу № 32/1
Айыл өкмөттүн ветеринардык адисинин жана «Бектур» ветсервисинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө
Калкка ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу жана жугушсуз оорулардын алдын алуу иштеринин абалын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32,33-беренесине таянып Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу жана жугушсуз оорулардын алдын алуу боюнча айыл өкмөттүн ветеринардык адисинин, «Бектур» ветсервиси тарабынан бир катар жумуштардын аткарылгандыгына карабастан кемчиликтердин кетирилгендиги белгиленсин.
2. Айыл башчыларга,вет.адиске :
-Айыл чарба малдарын ветеринардык байкоого алуу, жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөрдү өз мөөнөтүндө жүргүзүү;
-Айыл чарба малдарынын так эсебин алуу,байлоосуз жүргөн ит, мышыктарды атып жок кылуу, өлүктөрүн өрттөп көмүү үчүн атайын чуңкур казуу, талапка ылайык утилизациялоо милдеттендирилсин.
3. Байлоосуз жүргөн, жолбун иттерди атып жок кылууга жана эмдөө жүргүзүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн вет.адисине, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Иманахунов |