Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-майы №63
Өмүралиев айыл аймагындагы үлүш жана короо жай учаскаларынын жалпы аянттарын 1 айлык мөөнөттүн ичинде тактоо максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын он бешинчи кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагындагы үлүш жана короо жай учаскаларынын жалпы аянттарын 1 айлык мөөнөттүн ичинде тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер,турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Эшалиевке жана экономист-статисти Т.Кутманалиевке милдеттендирилсин.
2. Айыл аймагындагы үлүш жана короо жай учаскаларынын жалпы аянттарын 1 айлык мөөнөттүн ичинде тактоо иштерине көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Тѳрага | У. Алмолдоев |
|
|