Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-марты №22/6
Уч-Коргон айыл өкмөтунун Калтак айылынын аты аталбай жана ооз эки турдө аталып аты коюлбаган көчөлөргө наам беруу жана көчөлөрду иретке келтируу максатында уюштуруу иштерин колдоого алуу менен, Калтак айылынын депутаттарынын, айыл тургундарынын, Калтак айылынын айыл башчысы Э.Якубовдор тарабынан 2016-жылдын 9-февралындагы айыл тургундарынын жалпы жыйынын протоколдук чечимдерин Уч-Коргон айыл кенеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калтак айылынын «Тик-Көчө» жана «Нооруз» көчөлөрунө ССРдин жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги жана мыкты кызматкери Абдурахманов Өмурбектин наамы берилсин.
2. Көчөну иретке келтируу, тунку жарыктарды орнотуу көчөлөргө бирдей өлчөмдө номери коюуу жана башка уюштуруу иштерин жургузуу жагы Ө.Абдурахмановдун баласы Абдурахманов Маратка жана айыл башчысы Э.Якубовго тапшырылсын.
3. Ө.Абдурахманов атындагы аты аталган көчөгө жана өз убагында аты аталбай калган көчөлөргө тиешелуу болгон иш кагаздарын даярдап Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укукту каттоо башкармалыгынан жана райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жиберуу жагы Калтак айылынын айыл башчысы Э.Якубовдон суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенешинин социалдык маселелр боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Тѳрага | И. Сарымсаков |
|
|