Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXXII кезексиз заседаниеси
2016-жылдын 29-июлу № 32/2
Айыл аймагындагы социалдык объектилердин күз- кыш мезгилдерине карата даярдыктары жөнүндө
Күз-кыш мезгилдерине карата мекемелердин, соц.объектилердин ремонттолушунун абалын карап чыгып,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32,33-беренесине таянып Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөткө караштуу мектептерди, бала бакчаны жаңы 2016-2017-окуу жылына карата даярдоо, мекеме ишканаларды ремонтоо, күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча бир катар иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Кыш мезгилине карата мектеп имараттарынын жана от казандары жайгашкан бөлмөлөрүндөгү электр өткөргүчтөрүн талапка ылайык тартуу, трансформатордук подстанциялардын айланасын тосуп, коопсуздук абалын камсыздоо, өрт калканчасынын шаймандарын толуктоо, имараттардын айланасындагы бак-дарактарды иретке келтирүү жагы мектеп директорлоруна, ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Электр энергиясын белгиленген лимиттен ашырбай үнөмдөө багытында иш алып баруу мектеп директорлоруна, ишкана жетекчилерине тапшырылсын.
4. Мекеме-ишканалардын, мектептердин бөлмөлөрүндө жылуулукту сактоо максатында терезелерди жылуулоо, эшиктерди бекемдөө иштери алынып барылсын, түзүлгөн келишимдерге ылайык көмүр тартып келүү иш аракеттери көрүлсүн.
5. Мектеп директорлоруна милдеттендирилсин:
Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана олимпиададан көрсөткүчкө жетүү максатында иш чараларды түзүп иштөө;
Окуучулардын бирдей формага өтүүсүнүн зарылдыгын коомчулукка жеткирүү;
1-4-класстарга шашке тамак берүүдө тендерден утуп алган ишкерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, балдардын тамак ашынын сапаттуулугуна кам көрүү.
6. Тарых жана маданият жылына карата китепкана башчылары калктын руханий дүйнөсүн байытуу, китеп сүйүүчүлөрдү маданияттуу тейлөө максатында тийиштүү мекемелер менен бирдикте диспут-кечелерди, викториналарды өткөрүү боюнча жетиштүү иш аракеттерди көрүшсүн.
7. Элдик театр калкты руханий жана маданий жактан тейлөөдө эл арасындагы өнөрпоз адамдарды тартуу аркылуу чыгармачылык изденүү менен иш жүргүзүүнү күчөтүшсүн.
8. Эмканалар калктын ден соолугун сактоо жана ар кандай оорулардын алдын алуу максатында өз учурунда эмдөөлөрдү жүргүзүлүп, профилактикалык иш чаралар өткөрүлүп, ар дайым талаптагыдай кечиктирилгис иш аракеттерди жүргүзүшсүн.
9. Токтомдун аткарылышын камсыздоо мектеп, мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Иманахунов |