Редакцияот 19.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2015-жылдын 19-августу №34/126

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” Маматеминов Гуламидинге “Кызыл-Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кызыл–Кыя шаардык стоматологиялык эмканасынын башкы дарыгери А.Жээнбаевдин сунуштоо катын жана стоматологиялык эмкананын эмгек жамаатынын чогулушунун протоколун, Г.Маматеминовдун Кызыл–Кыя стоматологиялык эмканасында көп жылдар бою, анын ичинде эмкананын башкы дарыгери кызматында эмгектенип, стоматологиялык эмкананын материалдык–техникалык базасынын чыңдалышына өзүнүн кошкон салымдарын эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын Уставынын XXI бөлүмүнүн 116–жана 117–беренелерине ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” Маматеминов Гуламидинге көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны”наамы ыйгарылсын.

2.      “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” Маматеминов Гуламидинге “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүктү, төш белгини жана куттуктоо катын тапшыруу Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевке тапшырылсын.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А. Маткалыков