КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу №34/129
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” Тагаев Курманбек Назарбаевичке “Кызыл-Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасында көп жылдар бою оорукананын башкы дарыгери кызматында эмгектенип, оорукананын материалдык–техникалык базасынын чыңдалышына өзүнүн кошкон салымдарын эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын Уставынын XXI бөлүмүнүн 116–жана 117–беренелерине ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” Тагаев Курманбек Назарбаевичке көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны”наамы ыйгарылсын.
2. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” Тагаев Курманбек Назарбаевичке “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүктү, төш белгини жана куттуктоо катын тапшыруу Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевке тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Маткалыков |
|
|