Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу №34/129
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышына төмөнкү бюджеттик мекемелердин чыгаша статьяларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгынын 3111 «Активдер жана милдеттемелер» статясынан 80,0 миң сомго кыскартылып, 22154900 «Башка чыгымдар» статьясына 80,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын маданият бөлүмүнүн 22152100 «Коммуналдык төлөмдөр» статьясынан 2,5 миң сомго кыскартылып, 22154900 «Башка чыгымдар» статьясына 2,5 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин экономикалык бөлүкчөсүнүн 311 «Активдер жана милдеттемелер” статьясынан МЧСке деп каралган акча каражатынан 100,0 мин сомго кыскартылып, маданият бөлүмүнүн 2215 «Башка чыгымдар» статьясына 100,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
4. Кызыл–Кыя шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 22221100 «Эмеректерди сатып алуу» статьясынан 30,0 миң сомго кыскартылып, 31123240 «Активдер жана милдеттенмелер» статьясына 30,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
5. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2284 «Резервдик фонд» статьясындагы акча каражаты 50,0 миң сомго кыскартылып, 2212 «Сапардама чыгымдар» статьясына 50,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
II. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Маткалыков |
|
|