Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-декабры № 44/6
Кадамжай шаардык мэриясынын Каражантак участкасындагы трансформация болгон 100,0 га жер аянтына уулап 50,0 га жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү 2015-жылдын 3-декабрындагы №1117 сандуу катынын негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясына Каражантак участкасындагы 50,0 га жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Кадамжай райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан 50,0 га жер аянтына тиешелүү картографиялык материалдарды тактоо жана жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которуу иштерине жардам көрсөтүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Бегалиев |