Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 07-февралы №5
Алга айылындагы балдар бакчасына берилген имарат көп жылдан бери капиталдык ремонттон өтпөй начар абалга келип калгандыктан азыркы мезгилде капиталдык ремонттон өткөрүүлүүсү зарыл. Ушул маселени талкуулап карап көрүп, айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айылдыгы балдар бакчасынын капиталдык ремонту үчүн тузулгөн 3238172 (үч миллион эки жүз отуз сегиз мин бир жүз жетимиш эки) сомдук смета бекитилсин.
2. Сметада көрсөтүлгөн сумманын 90% ын 2914355(эки миллион тогуз жуз он торт минуч жуз элуу беш) сомун Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын, ал эми 10% ын түзгөн 323817 ( уч жүз жыйырма үч мин сегиз жүз жыйырма жети ) сомду айыл өкмөт эсебинен төлөнсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына (К.Акбаралиев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин финансы-экономикалык жана бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Пазылов |
|
|