Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июлу №10/3
“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык А.Масалиев айыл аймагында турак жай муктаждыктарын канаатандыруу максатында Кара-добо айылынын тушундагы Кожо-кайыр каналынын түштүк тарабындагы каттуу айдоо кайрак болгон 45.7.0га “айыл чарба багытындагы жана 2.3га башка (прочий) жерлер” категориясынан “калктуу конуштар” категориясына которууну жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн алдындагы жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссиянын “04” июль 2017-жылдагы №27 протоколуна негиз, айылдык Кеңеш сессиясы карап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык А.Масалиев айыл аймагында турак жай муктаждыктарын канаатандыруу максатында Кара-добо айылынын тушундагы Кожо-кайыр каналынын түштүк тарабындагы каттуу айдоо кайрак болгон 48.0га жер аянтын, айыл өкмөтүнүн тургундарынын муктаждыктарын канааттандыруу максатында, калктуу конуштар категориясына которуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин алдындагы турак үйдү жана жерди мыйзамдаштыруу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Абдурахманов |
|
|