Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июлу №10/4
“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык А.Масалиев айыл аймагында турак жай муктаждыктарын канаатандыруу максатында Кожо айылынын тушундагы Кожо-кайыр каналынын түштүк тарабындагы катуу айдоо кайрак болгон 28.8.0га “айыл чарба багытындагы жана 6.2га башка (прочий) жерлер” категориясынан “калктуу конуштар” категориясына которууну жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн алдындагы жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссиянын “04” июль 2017-жылдагы №28 протоколуна негиз, айылдык Кеңеш сессиясы карап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “ “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жободо” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Кожо айылынын тушундагы Кожо-кайыр каналынын түштүк тарабындагы каттуу айдоо кайрак болгон 35.0га жер аянтын, айыл өкмөтүнүн тургундарынын муктаждыктарын канааттандыруу максатында, калктуу конуштар категориясына которуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин алдындагы турак үйдү жана жерди мыйзамдаштыруу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Абдурахманов |
|
|