Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-августу №11/6
Айыл өкмөт аймагындагы Какыр айылына элдердин суроо талабын канааттандыруу жана жаш жеткинчектердин татыктуу тарбия алуусуна көмөк көрсөтүү максатында А.Масалиев атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңеши жалпы элдик жыйындын чечимин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт амагындагы Какыр айылына элдердин суроо талабын канааттандыруу жана жаш жеткинчектердин татыктуу тарбия алуусуна көмөк көрсөтуү максатында 4 тайпадан турган 120 орундуу балдар бакчасын ачканга уруксат берилсин.
2. Какыр айылындагы Т.Исмаилов атындагы орто метебинин эски имаратын балдар бакчасына ылайык оңдоо, капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл өкмөтү демөөрчулөрдү, инвесторлорду табуу менен бүткөрүлсүн.
3. Айыл өкмөтүнун каржы бөлүмүнун башчысы А.Мадумаровго жаңы ачылган балдар бакчасынын тарбиялануучуларына чыгымдалуучу тамак ашы, ар түрдүү чыгымдар үчүн керектелүүчү акча каражатынын сметасын даярдап 2018-жылдын бюджетине киргизүү үчүн долбоор даярдап кезектеги сессияга сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Абдурахманов |
|
|