Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 07-августу №35
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Илиязова Токто Илиязовнанын Бирлик айыл аймагында экономиканы,илим жана маданиятты, искусствону, социалдык чөйрөнү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор эмгеги талкууланып Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Илиязова Токто Илиязовнанын Бирлик айыл аймагында экономиканы,илим жана маданиятты, искусствону, социалдык чөйрөнү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы эске алуу менен Бирлик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүү күнүнө карата күбөлүк, эстелик лентасы, төш белги менен сыйлансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Бирлик айыл аймагынын туруктуу комиссияларына жана Бирлик айыл аймагынын башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Шакиров |