Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры №40
Бирлик айыл аймагынын башчысы Ж.Маканбаевдин 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндөгү маалымат талкууланып, сын-сунуштардан кийин Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл өкмөтүнүн 9 ай ичинде аткарган иштери жана уюштуруучулук иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү, үрөн, күйүүчу май, минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу, сугат суунун, кайра бөлүштүрүү фонддундагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, жайыт маселелерин чечүү чараларын көрүү, чек аралар маселелерин чечүүгө жардам берүү;
-ички жана чарбалар аралык каналдарды тазалоо, сугат суунун элге жеткирилишине шарт түзүү,
-элге турак жай куруу үчүн жер маселесин чечүүгө;
-элге социалдык жактан колдоо көрсөтүүнү;
-айыл аймагында жайлоого малды айдоонун алдында өзгөчө коркунучтуу оорулардын алдын алуу жана болтурбоо багытында тынымсыз уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн камсыздоо жагы тапшырылсын.
-айыл аймактагы социалдык тармактарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоону улантуу багытында иштер жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, бюджет, агрардык, регламент жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Тѳрага | К.Шакиров |