Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры №38
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 14.09.2017-жылдагы №10-4/4373 токтому жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 14.09.2017-жылдагы №08-2-2/10045 токтомуна таянып, Жайыттарды башкаруу пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине типтүү келишимдин негизинде өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени талкуулап, сунуштардан кийин Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу, пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине типтүү келишимдин негизинде өткөрүп берилсин.
2. Сунушталган жайыт жерлердин картасы түзүлсүн.
3. Жайыт инфраструктурасынын обөектилеринин кабыл алуу,өткөрүү актылары бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Шакиров |