Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну №27/-8
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана 2017-жылдан калдык акча каражатын бөлүштүрү боюнча маселени карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдан калдык акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
- Маданият үйүнө этникалык костюм сатып алганга – 50миң сом
- Малымат такта орнотконго – 100миң сом
- Контордун алдына туу (флаг шток) орнотконго – 25 миң сом
- Ч.Айтматовдун туулган күнүнө банер алганга – 7,5миң сом
- Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна – 80миң сом
- 40 стуль жана 3 стол алганга – 79миң сом
- 5 компьютер жана 5 принтер алганга – 213миң сом
- Чет-Байсоорун айлын топосъемка жасаганга – 436миң сом
- Милиция бөлүмүнө факс алганга – 10миң сом
- Чет-Байсоорун айлына таза суу чыгарууга суу түтүктөрүн орнотууга – 229,8миң сом
- Бала бакчага кухняга аба тазалагыч алганга – 30миң сом
- Бала бакчага кир жуугуч автомат машина алганга – 50миң сом
- Көк-Дөбө айлында өзг. Кырдаал. алдын алууга кара клеёнка алганга 18 миң сом
- Огнетушитель сатып алганга – 28,6миң сом
- Квартал башчыларынын жана жер адисинин эмгек маянасына – 221,6миң сом
- Автомашина ВАЗ-2107 жана бустун ремонту үчүн – 100миң сом
- Көк-Дөбө айлынын жолдорун грейдерлөөгө - 50,0миң сом
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Тѳрага | Окенаев Т.М. |