Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну №27/17-10
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинни 5-бөлүгүнө ылайык жана Ананьев айыл аймагынын шайлоо комиссиясына талапкерлердин протоколдорун карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айыл аймагындагы №3042 Көк-Дөбө, №3043 Айыл өкмөтү, №3044 Мектеп, №3045 Библиотека, №3046 ПЛ-82 шайлоо участкаларынын шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөн талапкерлердин протоколдору бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жооптуу катчы Э.Ж.Шамбетовко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, коомдук бирикмелер менен иш баруу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Тѳрага | Окенаев Т.М. |