Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-декабры № 24/4
«Мүрөк-Булак-Датка» ИСКАКБсын айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын «Мүрөк-Булак-Датка» ИСКАКБсын айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө «Мүрөк-Булак-Датка» ИСКАКБнын төрагасы Н.Эсеналиевдин сунушун угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мүрөк-Булак-Датка» ИСКАКБсы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. «Мүрөк-Булак-Датка» ИСКАКБсын айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына алууну айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Н. Керимкулов |