Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели№48
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгына негиз,айыл аймагындагы бак үлүш жерлерине мыйзамсыз курулуш салган атуулдарга мыйзам чегинде жер алууга укуктуу болсо,атайын жер ажыратып берүү жана бак, үлүш жерлерди өз багытында пайдалануусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен 2017-жылдын сентябрь айына чейинки мөөнөттө аткаруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Айыл аймагынын тургундарынан түшкөн арыздарды кароо, тизмесин даярдоо жагы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага | И. Мадеминов |
|
|