Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-декабры № 24/5
«С.Эсеналиев» атындагы бала бакчасына кошумча штат ачуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери М.Исраилованын «С.Эсеналиев» атындагы бала бакчасынын имаратынын жылытуу системасы ремонтон өткөрүлүп, жаңы ток күчү менен иштей турган отказандар орнотулгандыктан бала бакчанын жылытуу системасын тейлөө үчүн кошумча штат ачып берүү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «С.Эсеналиев» атындагы бала бакчасынын имаратынын жылытуу системасын тейлөө үчүн кошумча штат ачылсын.
2. «С.Эсеналиев» атындагы бала бакчасынын имаратынын жылытуу системасын тейлөө үчүн кошумча штат ачууну айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Н. Керимкулов |