Редакцияот 30.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2018-жылдын 30-январы №02

Кара-Бак айылдык кенешинин депутаттарынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 24-беренесинин 2 пунктуна ылайык Кара-Бак айылдык кенешинин №8069 шайлоо участкасынан депутаты Исаков Абдилла Абдирашитович депутаттык мандатын токтотуу жөнүндөгү өз арызынын негизинде Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылдык кенешинин №8069 шайлоо участкасынан депутаты Исаков Абдилла Абдирашитовичтин депутаттык мандатын токтотуу жагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

2. №8069 шайлоо участкасында айылдык кенешинин депутаттыгына кезекте турган талапкерге мандат берүү жагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын. 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары М.Надировага милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Каламбеков