Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-марты №51
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Кочкорованын билдирүүсүн угуп 2017-жылдан калган калдык 3666618 (үч миллион алты жүз алтымыш алты миң алты жүз он сегиз) миң сом акча каражатын бөлүштүрүү максатында депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 01-январына калган калдык 3666618 (үч миллион алты жүз алтымыш алты миң алты жүз он сегиз) миң сом акча каражаты тиркемеге ылайык төмөнкү статьяларга жумшалсын.
1-бөлүм Аппарат бөлүмүнүн
22122100 байланыш кызматы статьясына 240,0 миң сом
22154900 ар түрдүү кызмат акы статьясына 1580,0 миң сом
22211200 учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар 450,6 миң сом
31122290 башка механизмдер жана жабдуулар 200,0 миң сом
Жалпы суммасы: 2470,6 миң сом
9-бөлүм Билим берүү. Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнө.
22154900 ар түрдүү кызмат акы статьясына 300,0 миң сом
22211200 учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар 350,0 миң сом
22181100 тамак-аш азыктарын сатып алуу 60,0 миң сом
31123130 комьпютер жабдууларын сатып алуу 21,0 миң сом
Башталгыч мектебине.
22211200 учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар 165,0 миң сом
Орто мектептерге.
22154900 ар түрдүү кызмат акы статьясына 100,0 миң сом
22211200 учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар 200,0 миң сом
Жалпы суммасы: 1196,0 миң сом
Бардыгы: 3666618 (үч миллион алты жүз алтымыш алты миң алты жүз он сегиз) миң сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Талибаевага жүктөлсүн.
Тѳрага | М. Соорбаев |
|
|