Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-марты №57
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү максатында депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. 2018-жылга Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасында” кабыл алынган иш-чараларынын планы жактырылсын.
3. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш-чараларды экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык Кеңештин сессияларында кароо жагы белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | М. Соорбаев |
|
|