Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXХV сессиясы
2016-жылдын 10-ноябры № 35/2
«Кара –Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин 9 айдын ичинде аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 27-беренесинин 4-пунктуна ылайык, кара-Суу айыл окмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин 2015-жылдын 9 айынын ичинде аткарган иштери тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылөкмөтүнүн башчысы Т. Э. Жунушалиевдин 9 айдын ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Иштин жүрүшү боюнча отчеттун негизинде айтылган сын- сунуштардан, кемчиликтерден тез аранын ичинде жыйынтык чыгаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Т. Э. Жунушалиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Курткаев |