Редакцияот 06.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясы

 

2018-жылдын 06-апрели №04

Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу эгиндерге түшкөн мал-жандыктарга административдик айып салуу жөнүндө

 

2011-жылдын 21-декабрындагы №245 мыйзадарынын редакцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 185-статьясын жетекчиликке алып

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу эгиндерге түшкөн мал-жандыктарга актынын негизинде административдик комиссиянын чечими менен айып салууга уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жүктөтүлсүн.

 

Тѳрага

Шермат уулу Алмаз