Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-апрели №06
Таш-Булак айыл аймагындагы “Живпром” участкасында жайгашкан Сузак райондук бирдиктүү реестринде муниципалдык менчик катары каттоодон өткөн 0,39га жер аянты көп жылдардан бери бош жаткандыктан 2015-жылы спорт аянтчасы курууга токтом чыгарылган, бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай курулуш кылынбаганын, балдар бакчасын курууга элдерден көптөгөн суроо-талап, сунуштарын эске алып
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтү башчысынын Живпром участкасынан спорт аянтчысын куруу үчүн 0,39га жер аянты бөлүп берүү жөнүндөгү 02.09.2015-жылдагы №45 токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул 0,39га жер аянты балдар бакчасын куруу үчүн муниципалдык менчикке калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго тапшырылсын.
Тѳрага | Шермат уулу Алмаз |
|
|