Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу №01
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндөгү 2018-жылдын 20-июнунда Таш-Булак айылында болуп өткөн коомдук угуунун протоколунун негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Таш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоору республикадан берилүүчү теңдоо гранты менен кошулуп 14405,4 миң сом, 2020-жылга божомолу 14071,1миң сом, 2021-жылга божомолу 14071,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Республикадан берилуучу теңдоо грантынын көлөмү 2019-жылга долбоору 4311,1 миң сом, 2020-2021-жылдарга божомолу 3976,8 миң сом өлчөмүндө бекитилип.Тендоо гранты биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, соц.фондко чегеруу,электр энергиясына) каржылоого жумшалсын.
3. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2019-жылга долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу жагы Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом расмий турдо жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Шермат уулу Алмаз |
|
|