Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXХV сессиясы
2016-жылдын 10-ноябры № 35/4
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мүлктөрдү муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси К. Темиралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүндөгү Мантыш айылында жайланышкан «Мантыш базары» жана Кызыл-Дөбө айылында жайланышкан КырманКара-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болуп кабыл алынсын жана ижарага берилсин.
2. Муниципалдык менчик катары кабыл алып Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жагы башкы эсепчи К. Темиралиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э. Жунушалиевге тапшырылсын.
Төрага | Т. Курткаев |