Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-октябры №8/3
Майдан айыл аймагынын Бел-Алма участкасында жайгашкан «Оной» карерине жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республпкасынын жер Кодексиин 28-статьясында, Кыргыз Республпкасынын «Жер казынасы» жөнүндөгү мыйзамынын 47-статьясынын, 22 статьясынын 2пунктуыа жана Кыргыз Республпкасынын өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 26-октябрында берилген №4412 СЕ лицензиясын жана «Беш-Арча» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 27-октябрында №1-17 арызын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын Бел-Алма участкасында жайгашкан «Оной» кареринен 6,4га жер аянты «Беш-Арча жоопкерчилиги чектелген коомуна бөлүнүп берилсин, жогоруда аталган жер аятынын ар бир гектарына 3000 (үч мни) сомдон, келишимдин негизинде ар бир айдын 15-числосуна чейин төлөнүп түрүлсүн.
2. Болунуп берилген жер аянтын өз багытында пайдаланып жана мурдагы жер аянтын калыбына келтирүү жагы техникалык долбоордун негизинде жургузулсун.
3. Жер аянтын мурдагы калыбына келтируу учун «Беш Арча жоопкерчилиги чектелген коому фонд ачып, акча каражатын мыйзам чегинде өз убагында которуп берип, ай сайын майдан айыл өкмөтүнө маалымат берип турсун.
4. Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү суралсын.
5. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Майдан айыл өкмөтүнүң башчысы А.Нурматовго жүктөлсүн.
Тѳрага | М. Курмушуев |
|
|