Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXХV сессиясы
2016-жылдын 10-ноябры № 35/5
Кара –Суу айыл өкмөтүнүн аймагында карьер кылып топурак алууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жер адиси М. Садыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл элине топурак кум алуу үчүн Ак-Талаа айылындагы Кара-Суу учостогунун түштүк тарабынан 21,40 контурунан 0,15 га жана Кызыл-Дөбө айылындагы Кара-Тоо участогунан 842 контурунан 0,15 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Участокту тактап бөлүп берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Курткаев |